Стихотворение «"Счастья благостный цветок"»
Тип: Стихотворение
Раздел: Переводы
Тематика: Переводы
Автор:
Оценка: 5
Баллы: 8
Читатели: 48 +1
Дата:

"Счастья благостный цветок"

БАКЫТ ГҮЛҮ
 
Бакыт гүлү бардык гүлдөн башкача:
Бариктери көзгө сүйкүм, эң назик.
Ал гүл ачат кышта мейли, жазда да,
Бир жыттасаң бүт өмүргө күл азык.
 
Бакыт гүлү бардык гүлдөн башкача:
Издеп чыксаң бардык жерден табасың.
Өсөт ал гүл  тоого, чөлгө, ташка  да,
Бирок таппай алыс-алыс барасың.
 
Бакыт гүлү бардык гүлдөн башкача:
Сен өтөсүң кокус аны тааныбай,
Ал жолугат карыга да, жашка да,
Издегенге тагдырына таарынбай.
 
Бакыт гүлү бардык гүлдөн башкача:
Адашпагын түз жолуңда баратып.
Баркын билбей үзүп, соолтуп таштаба,
Жыттабасаң  бер адамга таратып.
Бакыт гүлү бардык гүлдөн башкача..!
 
Сулайман Рысбаев.
 
 
СЧАСТЬЯ БЛАГОСТНЫЙ ЦВЕТОК
 
Счастья благостный цветок,
Что ему – зима, весна…?
Новый жизненный виток,
Пробужденье ото сна.
 
Счастья благостный цветок, -
Возле дома твоего.
Незатоптанный, святой, -
Для признаний и стихов.
 
Счастья благостный цветок,
Не имеющий цены.
Милосердных дел итог, -
Были помыслы верны!
 
Я, большой реки приток,
Продолжаю древний род…
Счастья благостный цветок
Не завянет, не умрёт!
 
Перевод Сергея Берсенева
 
 
Реклама
Обсуждение
23:20 10.02.2025(1)
Гэл
Замечательно.
00:19 11.02.2025
Сергей Берсенев
Спасибо, Галя
Книга автора
Петербургские неведомости 
 Автор: Алексей В. Волокитин
Реклама